www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Россиянын газы болбосо бир жумага дагы чыдай албайт. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз европалык өнөктөштөрүбүздүн ырааттуулук жана принципиалдуулугун баалайбыз. Өзгөчө Эл аралык валюта фондунун жаңы чыккан маалыматын эске алабыз. Анда Европа биздин газыбыз жок болсо алты айга чейин туруштук бере алары айтылган. Бирок чын-чынына келгенде бир жумага дагы чыдай алышпайт", — деп жазган Медведев Telegram-каналына.

Ошондой эле ал Еврокомиссия газды рубль менен төлөөгө жол бергенин белгилеп, Россия президентинин жарлыгы европалыктардын бизнесине таасир этти деп эсептейт.

Буга чейин Эл аралык валюта фондунун Европа департаментинин башчысы Альфред Каммер Франс Пресс маалымат агенттигине Европа россиялык газсыз алты айдан ашык чыдай албастыгын билдирген. Андан кийин Европа экономикасы баш тартуунун кесепетин көрө баштайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости