www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине  кайрылуу жасады

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында жеңилүү ызасын тартты. Тыныбекова кечээ, 22-апрелде Азия биринчилигинин финалында япониялык спортчу менен күч сынашкан.

Беттештин аяктарына 1 мүнөт 39 секунд калганда Тыныбекова жаракат алып, беттешти андан ары уланта алган эмес. Жыйынтыгында япониялык спортчу 1:9 эсебинде жеңишке ээ болгон. «Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим.

Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен. Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок, ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости