www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Механикалык кыскартуу менен иш бүтүп калбайт

Бийлик алмашса эле анын башына келгендер мамлекеттин ички мүмкүнчүлүктөрүн караштырып, экономиканы көтөргөндүн ордуна “мекеме-ишканалардын кызматкерлерин кыскартабыз, 30 миӊге чукул бюджеттен каржыланган армия бар экен” деп келишет.

Ошол сыяктуу эле азыркылар дагы мурдагылардын катасын кайталап, ишин “кыскартуу” менен баштап жаткандай. Бакыт Аманбаев башында турган бийликтегилер комиссия түзүп, шымаланып кыскартууга киришти.

Мындай механикалык жол менен кыскартуу ушул кезге чейин өз жемишин бербегени баарыбызга маалим. Себеби, кыскартат десе эле байкуш жарыбаган акчага маяна алып, үй-бүлөсүн эптеп багып жүргөн эӊ ылдыйкы адистерге тийчү эле.

Ошол эле учурда мекеме-ишкананын жетекчисинин эӊ аз дегенде статс-катчылары менен 3-4 орун басарлары бар, бир орун басарын алып калып, калгандарын эмнеге кыскартышпайт?

Булар өздөрүнө олчойгон айлык коюп алышкан. Эгерде мекеме-ишканалардын кызматкерлерин оптималдаштырып кыскартабыз дешсе, Грузияны дайыма мисал кылып келебиз, келгиле, ошол Грузиянын сенарийи менен кетели?

Анда биринчи кезекте күч органдарынын (ИИМ, УКМК, прокуратура, каржы полициясы) баарын иштеп жаткан тизмеден чыгарып, кайрадан калыс, тестирлөө түрүндө кызматка кабыл алалы.

Булардан кийин калган мекеме-ишканалардын кызматкерлерине кайрылалы. Себеби, мындай тандоодо жаштар болобу, орто муун жана жогорку муун болобу, эч ким эч нерсеге таарынбайт.

Мына ушундай кылганда гана акыйкат жана чындык болуп, мамлекет алдыга жылганга шарт түзүлөт. Антпесек эл арасында “Матраимовдор жана Жумалиевдер күч структураларына өздөрүнүн кишилерин эчак киргизип, мафия түзүп алышкан” деп жатышпайбы.

Мына ушуларга дагы чекит койгондой болот элек. Антпей эле Б.Аманбаев башында турган комиссия “методикалык сыноо баракчасын түзүп койдук” деп иштерин теӊирден тескери баштаган сыяктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости