www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштө ушул оор мезгилден чыгуунун ачкычы эл аралык кызматташтык жана глобалдык тилектештик экенин айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын Ковид-19 саммитине видео кайрылуу менен катышты. Эл аралык коомчулуктун 21-кылымдын эң чоң глобалдык сыноосуна туш болгонун белгилеген Эрдоган: «Бул татаал мезгилди жеңүүнүн ачкычы- эл аралык кызматташтык жана глобалдык тилектештик болуп саналат. Чара көрүүлөрдүн инклюзивдүү болушу, аялуу жана жакыр топтордун муктаждыктарына көңүл буруу зарыл»,- деди.

БУУнун системасынын бүгүнкү коркунучтардын жана муктаждыктардын негизинде реформаланышы керектигин айткан президент, БУУнун тутумун натыйжалуу, демократиялуу, адилеттүү жана ачык кылуу үчүн Башкы Ассамблеянын күчтөндүрүлүшү керек деген ишенимин билдирди.

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы элчи Волкан Бозкыр да өзү жетектеген саммитте сүйлөгөн сөзүндө, Ковид-19дун бардык адамдардын жашоосуна таасир эткенин жана БУУнун 75 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай маселеге туш болгонун белгилеп: «Ковид-19 албетте биринчи кезекте ден-соолукка байланыштуу маселе болуп саналат. Бирок ошол эле учурда экономикалык жана гуманитардык кризис, өнүгүү жана адам укуктары кризиси болуп эсептелет»,-деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости