www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексика марихуананы мыйзамдаштырат

Мексика парламентинин төмөнкү палатасы кара куурайды мыйзамдаштыруучу мыйзамды 19-ноябрда жактырды. Эми аны парламенттин жогорку Депутаттар палатасы карап, 15-декабрга чейин чечимин чыгарышы керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери кара куурайды мыйзамдаштыруу уюшкан кылмыштуулукту, жемкорлукту жана зордук-зомбулуктун азайышына салым кошорун белгилешет.

Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, үйдө алты түп кара куурайды өстүрүүгө жана андан алынган 28 грамм затты сактаса болот. Андан көп сактагандарга айып пул салынат же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Марихуананы мыйзамдаштыруу Мексика коомунда талаш-тартыш жаратып келет. Аны жактагандар бул кадам майда-барат кылмыштуулукту азайтарын айтышса, каршы чыккандар балдар жана жаштарды баңгизаттан көз каранды болуп калуусуна мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирди айтышат.

Мындан эки жыл мурун Грузиянын Конституциялык соту кара куурай колдонгондорго административдик жаза чегерген жобону алып салган. Муну менен аталган өлкө мурдагы советтик республикалардын ичинен кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырган биринчи мамлекет болуп калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости