www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: 10 айда куткаруучулар 221 адамдын өмүрүн сактап калган

ӨКМ: 10 айда куткаруучулар 221 адамдын өмүрүн сактап калган

Журналист: АЙНА УЛУГБЕКОВА
20.11.2020, 23:11
7256
|

Кыргызстанда быйыл 10 айда куткаруучулар 221 адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 айда өрт кырсыгынан 102 адам, жол кырсыгынан – 74, экстремалдык абалдан – 44 жана көлмөдөн 1 адам куткарылган.

Андан тышкары куткаруучулар 829 адамга жардам берип, анын ичинде 33 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 392 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Источник: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями