www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-ноябрда Талант Мамытов парламент имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Учурда Жогорку Кеңештин жана Президенттик Аппараттын кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттар жок экенин айткан Талант Мамытов: "Бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Анткени, алдыбызда чоң маселелер турат. Элибиз көптөгөн өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Ар кыл маселелер ачык каралып, керектүү мыйзамдар кабыл алынышы зарыл", - деди.  

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларда парламенттин административдик имараты талкаланып, материалдык-техникалык зыянга учураган. Буга байланыштуу учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага депутаттар да өз салымдарын кошууда.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости