www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда кыш мезгилинде ууналардын туруктуу каттамдарын камсыз кылуу үчүн 7 миң 439 тонна кум жана туз камдалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
“Ош-Бишкек” унаа жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өткөн 589 чакырымын төрт жол тейлөө ишканасы карайт. Бул жол аркылуу күнүнө болжол менен 11 миңге жакын унаа каттайт. Кышкы тейлөөгө жалпы 37 жол тазалоо техникасы даярдалды”, - деп, өкүлчүлүк жолдордо жана ашууларда жол тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирет.
Жалал-Абад облусунда унаа жолдорунун узундугу 16 миң 465 чакырымды түзөт. Жалпы пайдалануудагылары жолдор – 3 миң 362 чакырым. Алар – эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдор.
Облустун аймагында 12 жол тейлөө ишканасы иштейт.
Булак: NazarNews.kg