www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек кулчулугуна тартылышы жөнүндө таркатылган маалыматтын бардык жагдайларын тактоону улантууда.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КР элчилигинин маалыматы боюнча, эмгек кулчулугунан качуу жана Кыргызстандын дагы 4 жаранын Казакстандын аймагында алардын эркине каршы кармоо жөнүндө белгисиз авторлор тарабынан таратылган аудио билдирүүлөр учурда тастыктала элек.
"Элчилик бул маселени көзөмөлдөп жатат жана Казакстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен тынымсыз байланышта"- деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg