www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорун президенттин аппараты, өкмөт иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров 20-ноябрда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, парламенттин депутаттары референдум жөнүндө мыйзамга кол коюп, коомдук талкууга чыгарды. Ал мыйзамдын тиркемеси – бул Конституциянын жаңы долбоору.

Жапаров башка депутаттар үчүн жооп бере албасын, өзү мыйзам долбоорун окуп, анан кол коёрун, «Баш мыйзамдын долбоорунун демилгечилери кимдер?» деген суроого мындайча жооп берди:

«Президенттик администрация, Юстиция министрлиги, өкмөт иштеп чыккан экен. Иштеп чыккандар катары юристтер алып чыкты. Кечээ күнү деле Садыр Нуркожоевич өзүнүн ой-пикирлерин айткан экен. Ошол ой-пикирлер жаңы Конституцияда бар. Аткаруу бийлигинин башында президент болсун, сот бийлигин көз каранды эмес кылалы деген максаттар. Анан парламенттин депутаттарын 120 эмес 90 кылалы да, 35и жергиликтүү (бир мандаттуу) шайлоолордон өтсүн, калган 55и партиялык тизме менен өтсүн деген».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости