www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын  мектептеринде   окуучулар замамбап уюлдук телефондорду колдоно алышпайт. Аталган талап  мугалимдерге да тиешелүү. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Түрмөнстандын  баардык облус, райондорунда ата- энелер чогулушу болуп өткөн. Анда ата-энелерге мындан ары балдары уюлдук телефонду мектептен  колдоно албай тургандыгы  айтылган. 

Буга айрым окуучулар, мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди видеого тартып, интернетке жарыялап жатышкандыгы себеп болгон. Ошол себептен, мектепке заманбап телефондорду алып келүүгө тыюу салынып, балдарга сүйлөшүүгө ылайыкташкан жөнөкөй телефондорду сатып берүү талабы коюлду. 

Ал эми, 14-январда радионун Ашхабаддагы кабарчылары мектепте телефон колдонууга салынган тыюу окуучуларга гана эмес, мугалимдерге дагы тиешелүү экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости