www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамптын импичменти тууралуу документтер Сенатка тапшырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сенат бул маселени 21-январдан тарта карайт. 16-январда Жогорку соттун судьясы Жон Робертс ант берди. Ал импичмент боюнча ишти кароодо төрагалык кылат. Андан тышкары 100 сенатор да ант беришти. Алар президент Трамптын бийлигинен кыянат пайдаланган жана Конгресстин ишине тоскоолдук кылган деген дооматтардын чын-төгүнүн аныкташат.

“Сенаторлор бул иште соттук коллегия мүчөлөрүнүн, ал эми конгрессмендер айыптоочу тараптын ролунда болушат. Буга чейин конгресс импичмент тууралуу ишти Сенатка жиберүүгө макулдугун берген”,-деп айтылат маалыматта.

Сенаттагы көпчүлүк - Дональд Трамп президенттикке шайланган Республика партиясынын мүчөлөрү. Конгресстеги республикачылардын эч кимиси Трампты айыптоого кошулган эмес. Серепчилер Сенатта Трамп акталып чыгышы ыктымалдыгын айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости