www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы Канат Исаев түзгөн тууганчылык клан бар экен. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда активист Мелис Аспеков Facebook баракчасында билдирди.

Ошондой эле, Мелис Аспеков Канат Исаевдин тууганчылык мамиледеги жетекчилерди санап, жазып чыккан.

“1. Токмок шаарынын мэри Канат Исаевдин жакын адамы.

2. Мэрдин биринчи орун басары Канат Исаевдин жээни.

3. Шаардык башкармалар:

а) Суу-Чарба башчысы Жансеитов Ш. мэрдин жээни

б) КППнын башчысы Жакупбеков Э. Суу-Чарба башчысынын тайкеси

в) Жылуулук тармак ишканасынын башчысы Идрисов З. Канат Исаедин кудасы

4. Шаардык ооруканын башчысы Исаевдин бир тууган эжеси Исаева Б.

5. Мамкызмат(ГРС) башчысы Бакыт Жетигеновдун тууганы, Жетигенов болсо Исаевдин жакын досу.

6. Азыркы шайлоо боюнча Исаевдин Токмок шаарынын координатору мэрдин досу Жаманбаев Мырза ГКПН орун басары Исаевдин ишенимдүү адамы“, – деп билдирүү жазды Мелис Аспеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости