www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен заади түбү консерватор, фаталист, кээде-кээде динчил кишимин. Бирок бу сапар консерватор да, динчил да боло албадым. Самаранын атактуу музучилищеге директор болуп барышы боюнча консерваторлук пикир билдирсем: ошол жерде агарып-көгөргөндөр иштесин, тиешелүү диплому жок, жаш... күйөөсү атасындай неме ж.б. демекмин.

Бирок бул жерде заман өзгөргөнүн, короодо 21-кылым турганын, элдин балдары космоско барып обед кылып, кайра кайтып жатканын, 27деги балдар миллиарддаган киреше тапкан гигант корпорацияларды түзүп жатканын эске алсак кандай болот? Азыр менеджер деген түшүнүк киргенин, кесип менен ошол кесип ээлерине иш орун уюштуруп бергендер пайда болгонун эске алмагыбыз эп. Мен Самара үчүн башын жоготкон күйөрман деле эмесмин.

Болгону Самаранын бир ишине өз көзүм менен күбө болдум. Султан Раевдин “Илегилек” пьесасы алгач “Тунгуч” театрында коюлган. Чыгармачыл коллектив жакшы тааныш адамдар эле. Эл келбей жатат. 50 сомдон да билет сата албай жатабыз. 5 адам алып кел дешти. Спектакль тармагында азыр ушундай жагдай. Зал толтуруш азаптын азабы. Мен “Илегилекке” ошол 5 адамды да алып бара албай койдум. Бир жыл өтүп, “Илегилекте” башкы ролду Самара ойноду. Уюштуруу иштерин да толук өзү колуна алды. Спектакль 3 күн аншлаг менен өттү. Сатып алганга да билет жок. Роль жогорку деңгээлде аткарылды. Театр да ыраазы болду окшойт. Мен 5 адамга маданият министринин кеңешчисине чалып да билет таап бере албай койдум.

Самаранын өзүнө байланышсам, стол коюп берели, катарлардын ортосуна отура беришеби деди. Өзүм автор Султан Раевди ээрчип, фотоаппаратты мойнума илип алып араң кирдим. Самара жаны тынбаган кыз экен. Эрте менен телелерде түз эфирди алып барат, ал жакка кетет. Ортодо ыр жаздырат. Бийчи кыздарын бийлетет. Түштөн кийин репетиция. Репетициядан чыгып тойго кетет ырдаганы. Бир тойго эмес 2-3 тойго. Той концерт дегени бар экен. Анысы да бүгүн Аксыда болсо, эртең Ноокатта. Кыргызстан не болуп калыптыр, Россияга тойлорго чаап барып келип жатты. Сетевой маркетингде да команда чогултмай, бир балакет сатмайы бар экен.

Баса, спектакль коюлган күндөрү да спектаклден кийин тойлорго кетип калып жатты...

“Илегилекте” дээрлик 1 саат бою жалгыз адам аткарат. Ошонун баарын жаттады. Образды көркүнө чыгарганын айт. Иши кылып, лейлекчилерде айтканда зор кыз экен. Ар кандай иштин майын чыгараар экен. 2005-жылдын 25-мартындагы “Бета Сторестин” абалында турган Ош музучилищесинин базасын чыңдап, гүлдөтөт беле дейм да ушул кыз. Ал эми балдарга адистик тарбия берүү жагына мыкты орун басарларды алса, алар калчылдап отуруп өз ишин жасай бермек. Мен билгенден ал окуу жайга бүт өмүрүн арнаган фанат педагог-музыканттар толтура. Жаштыкта ал окуу жайдын эшигинен да, тешигинен да далай ирет кирип, ырчы кыздарына ашык болуп, баш айланып каңгып жүргөн жайым бар. Ошентип бу сапар да жаштарды бовойт дедик. Бирок болтурчу кыз эле бул...

Нургазы Мусаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости