www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биздин максатыбыз — инвесторлорду, менчикти соттордун экономикалык маселелер боюнча мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышынан коргоо. Жакын арада мамлекеттик органдарда ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту иштей баштайт. Өлкөнүн ири финансы институттарынын каражаттары региондордогу долбоорлорго түрткү берүүгө багытталган"- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван цемент заводунун ачылышында.

Ал белгилегендей, мамлекеттик саясат өлкөнүн региондорундагы жашоо шартты жакшыртууга жана экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго түрткү берүүгө багытталат. Мамлекет башчысы бул заводдун таржымалы ага жакшы тааныш экенин, 2015-жылы ал Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда, ага ЖК депутаты Азамат Арапбаев кайрылып, заводдун курулушу жөнүндө айтып берип, көмөктөшүүнү өтүнгөн. Өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда заводдун курулушу Сооронбай Жээнбековдун жеке контролунда болгон. 

«Бүгүнкү саамалык биздин мамлекетибиздин турмушундагы эң маанилүү окуялардан. Бул завод келечекте өлкөнүн өнөр жайынын флагманы болот. Мындай ири ишканалардын ишке берилиши менен жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, заводдо иштин башталышы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 
Ал заводдун курулушу региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты демилгелеринин бири экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга тийиштүүлөрдү — демилгечилерди, компанияларды, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү элдин турмушун жакшыртууга, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошкону үчүн бул маанилүү күн менен куттуктады. 

«Заводдун курулушуна жалпысынан 86 млн. АКШ доллары жумшалды. Бул курулушту сөздүн түз маанисинде интернационалдык курулуш десек жарашат. Завод достуктун, өнөктөштүктүн, бири-бирибизге болгон ишенимдин заводу деп айтсам жаңылышпайм! Анткени заводдун курулушуна жана ишке берилишине беш өлкөнүн — Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Голландиянын жана Кыргызстандын банктары жана ишкерлери катышты», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Долбоорду ишке ашырууга Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду, Синома корпорациясынын Тяньжинь цемент иниституту, Нанжин Лонг-В энержи консервейшн инжиринг компаниясы, Демир Кыргыз Интернешнл банкы, Демир Халк Банк Голландия компаниялары жана банктары колдоо көрсөтүштү. Курулушка «Араван цемент заводу» жоопкерчилиги чектелген коому 48 млн. долларга жакын өздүк каражатын салды. 
Бизнести колдоо боюнча мамлекеттик демилгелерге токтолуп келип, Мамлекет башчысы акыркы мезгилде ишкерлерге коюлган тоскоолдуктарды четтетүү үчүн бир топ иш жасалганын белгиледи. 

Бүгүнкү күндө бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Бизнести каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, каттоо үчүн 3 күндөн ашык убакыт кетпейт. Региондогу эң либералдуу салык режими- төмөн салык ставкалары менен түзүлдү. Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулду. 
Сооронбай Жээнбеков жаңы ишканалардын бирөө дагы айлана чөйрөгө, экологияга зыян тийгизбеши керектигин баса белгиледи. Таза экология — өлкөнүн улуттук байлыгы. Адистер Араван цемент заводун экологиялык эң таза ишкана деп белгилеп жатышат. Анткени өндүрүштө 16 аба тазалагыч фильтр, 2 кубаттуу чоң фильтрлер орнотулуп, айлана чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгышына жол бербейт.

Маалымдама: Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казнага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт. Завод толук кандуу иштей баштаса, Кыргызстандын түштүгүн цемент менен камсыздоо маселеси чечилет. Завод заманбап технологиялар менен жабдылып, толук автоматташтырылып, бүткүл технологиялык процесстер Борбордук түйүндөн башкарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости