www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңейтилген курамдагы жыйындын жүрүшүндө КМШ алкагында өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер жана чаралар талкууланды.

Натыйжада, КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары төмөнкү документтерге кол койду:

- «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» Мамлекет аралык максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- КМШ мүчө-өлкөлөрдүн жогорку технологиялык энергетикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча негизги Иш-чаралар планы жөнүндө;

- КМШ мүчө-өлкөлөрдүн чектеш аймактарындагы токой зыянкечтеринин жана ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча өз-ара аракеттешүү жөнүндө келишим тууралуу;

- КМШ мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы Салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн электрондук түрдөгү маалымат алмашуу тууралуу протокол жөнүндө;

- 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташуу программасынын алкагында мамлекет аралык инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу натыйжасында түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;

- 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдөгү согуш ардагерлери – локалдык конфликттердин катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу жана  медициналык-социалдык көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча Иш чаралар планын 2019-жылы каржылоо жөнүндө;

- 2017-жылы абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүүлөрдү пайдалануу  жөнүндө;

- 2019-жылы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдөгү абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Экономикалык Сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин органдарынын 2017-жылга карата бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдөгү үлүштүк төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин органдарынын 2019-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө;

- КМШ катышуучу-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуу тармагында 2019-2020-жж. карата артыкчылыктуу иш-чараларынын Планы жөнүндө;

- КМШ катышуучу-мамлекеттеринин электрондук жана электрдик-техникалык жабдуулардын калдыктарын башкаруу тармагындагы 2018-жылдын 1-июнундагы кызматташуу жөнүндө Келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы жөнүндө;

- 1997-жылдын 17-январындагы уюлдук кыймылдуу байланыш тутумун өнүктүрүү жана колдонуу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости