www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе шаардык соту мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүргөн Тажикстандын жогорку экономикалык сотунун экс-катчысы Бобожон Ширинзоданы 18 жылга эркинен ажыратты.

Анын мурдагы аялы Мохира Ятимова быйыл 6-июнда өлтүрүлгөн. Ширинзода ага эки кичинекей баласынын көзүнчө 13 жолу бычак сайган.

Бобожон Ширинзоданын туугандары Душанбе шаардык сотунун бул чечими менен макул эмес экендиктерин билдирип, жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө. Айыпталуучу акыркы сөзүндө кылмышты атайын жасабагандыгын, соттон аялын ачууланып турганда өлтүрүп алганын эске алуусун өтүндү.

Бобожон Ширинзода – Тажикстандын Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы төрага орун басары, генерал Ражабали Шириновдун уулу. Ал кызматынан 2015-жылы кышында, Эмомали Рахмон антикоррупциялык мекеменин ишин сынга алгандан кийин кеткен. Бул кызматка чейин генерал өлкөнүн Салык кызматын көп жылдар бою башкарган.

​Бобожон Ширинзода менен Мохира Ятимова 2007-жылы баш кошуп, эки жыл мурда ажырашып кетишкен.

Булак: "centralasian"

Последние новости