www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, драматург, публицист Меңди Мамазаирова калың элге кайрылуу жасады.

Төмөндө Меңди Мамазаированын кайрылуусу:

«Урматтуу, кагылайын кыргыз калкым! Кирип келген ак жолтой Уй жылыбыз куттуу болсун! Жыл башында, биздин эл үчүн, мамлекет үчүн эң маанилүү окуя жүз бергени турат.

Мына, бүгүн өлкөнүн Президентти шайлоого 5 гана күн калды!

Алда кандай күн болот деп санааркап турам. Бир айлык мөөнөттө ар бир талапкер өзүнүн программасын айтып, эл менен баарлашуусу керек эле. Көпчүлүк талапкерлер эмне жорук кылышты? Эл алдына чыкканда өзүнөн башка талапкерди ылайга тебелеп жамандоо, көө сүйкөө, ар түркүн былык-чылыктарын чубап, жалаң гана ушак менен алектеништи. Бири-бири тууралуу эмнелерди гана ойлоп табышпады. Ар түркүн жолдорун колдонушту. Обончу аялдарды, акчага зарыккан балдарды, бир аз акылы кемдерди, айла-амал менен сүйлөтүп, видеолорун таратып жатышты. Кылбаган кылыкты кылышты. «Өлдү» деп кара лента менен сүрөт чыгарышты! Мындай кара пиарды эч бир элден, эч бир мамлекеттен учуратууга болбос! Карап туруп: Ушулар биздин жигиттерби? Кыргыздарбы? - деп, жакаңды кармайсың.

Ушунчалыкка качан жетип калдык? Кантип, эмне себептен? Парламенттик башкаруу дегендин өзү чоң бизнес деп саясатчылардын бир кыйласы айтып, жазып жатышат. Чоң бизнес болсо, кыргыз улутун, кыргыз мамлекетин жок кылууга, кыйратууга түзүлгөн карандай душмандык план болсо... Анан неге биздин белгилүү депутаттар кекиртегин керней кылып, алкымын сурнай кылып жан талашат? Алар мамлекттин эң майлуу, ал эмес, стратегиялык мааниси бар жайларды партиясы аркылуу ээлеп, «алтынынан ажыраганда ичин жарып өлүп алган келемишке окшоп» жан талашып атышабы? Мен саясатчы эмесмин.

Бирок, болгон окуяларды окуп, көз менен көргөнүбүздү гана айтып жатабыз. Саздын түбүндө, тигил жемкорлордун сасык мээсинде эмнелер жатканын алар өздөрү гана билет. Ал эми Президенттик башкарууда кандай болот? Аны да саясатчылар, таза мээ менен ойлоно алгандар айтат, түшүндүрөт.

Президенттикке талапкерлерге, Кыргыз мамлекетинин укуктуу жараны катары, эл акыны катары менин да сөз айтарга акым бар. Эсиңерге түйгүлө: 7 кылымда, кыргыз тарыхында биринчи жолу каганатты орнотуп, өз алдынча мамлекеттүүлүккө жетишкен Барсбекти, «өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн күйгөн өрт жаман» дегендей, так кыргыз чыккынчысы өлтүргөн. Душманга койнун ачып берген. Андан туура 129 жылдан кийин гана мыкты элчи, Алп Сол баатыр кайрадан кыргыздарды бириктирип, «Улуу кыргыз каганатын» орнотконун дагы бир жолу эстеп койгула.

1. Эгерде так талашып, бийлик үчүн ызы-чуу чыгарсаңар, мамлекетти, элди арсар абалга калтырсаңар, кыргыз энелер жөн отурбайбыз! Бизден жакшылык күтпөгүлө!

2. Кыргыз улутунун эртеңи үчүн, Кыргыз мамлекетинин тагдыры үчүн ар бир талапкер жооптуусуңар!

3. Кыргыз улутуна тиешелүү бардык окуяга: элдин тынчтыгын сактаганга, мамлекеттин байлыктарын, дөөлөттөрүн бүлүндүрбөй... ыйык тууну, кыргыз президенти, кыргыз өкмөтү, кыргыз парламенти жайгашкан имараттарды, дегеле бардык имарат-жайларды талкалоодон, өрттөнүүдөн сактаганга бардык талапкерлер милдеттүүсүңөр!

4. Калктын аялуу катмар: кары –картаңдарга, жаш балдарга, майыптарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө кам көрүүгө, ар кандай кол салуулардан коргоо бардык Талапкерлердин мойнунда!

5. Кыргыз улутун, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн көздүн карегиндей түбөлүк сактап калуу үчүн ар бир талапкер өз Эгоңордон баш тарткыла!», - дейт Меңди Мамазаирова.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости