www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда. 2020-жылы шаардыктарга "Бузуулар жөнүндө" кодекси боюнча 11 миллион 726 миң 500 сом суммасында 1446 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, шаардыктарга жана уюмдарга "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренеси "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу" боюнча 612 протокол түзүлгөн.
"Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн "Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу" боюнча 353 протокол, белгисиз жерлерде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды өрттөө боюнча 267 протокол, (Жол курулмаларын бузуу боюнча - 67 протокол) жана (унаа жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу боюнча - 94 протокол) түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg