www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан аралаш системасынан алыс кете албады. Мындай пикирин белгилүү журналист Айданбек Акматов билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Дүйнө мамлекеттери негизинен таза президенттик жана таза парламенттик башкаруу системасы менен өнүгүп жатат.

Маселен, АКШ, Түркия, Индонезия, Мексика, Түштүк Корея сыякуу өлкөлөр таза президенттик башкаруу менен ийгликтүү өнүгүүдө.

Таза парламенттик бийлик системасы менен Европанын көпчүлүк мамлекеттери - Германия, Британия, Италия, Дания, Финляндия ж.б. чыгыштан Япония, Малайзия, Австралия ж.б. мамлекеттер өнүгүүдө.

Аралаш бийлик системасы менен Франция, Россия, бир партия жетегинде Кытай да ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга багыт алды деп жарыяланды. Бирок аралаш системасынан алыс кете албады. Бул жакыр, коррупциялашкан, мыйзамдарды сыйлабаган, саясий маданияты калыптана элек өлкөдө жоопкерсиздикти, узурпацияны күчөттү. Экономикалык кризис, жумушсуздук көбөйдү.

Натыйжада коомдо таза президенттик же таза парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек, аткаруу бийлиги жоопкерчиликтүү болуш керек деген талкуулар кайра күч алды.

4-5-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген Садыр Жапаров супер-президенттик башкарууну камтыган «ханституциясын» чала-була даярдап чыкты. Аны 10-январда президенттик шайлоо менен бирге референдумга коймок болду. Бирок, коомчулуктагы кескин каршылык жана нааразылык Жапаровду «ханституциясын» кайра чыкыртып алып, референдумга башкаруу системасын коюуга аргасыз кылды.

Эгерде 10-январда референдумда президенттик башкаруу тандалып алынса, таза президенттик башкаруу орношуна чоң күмөн бар. Анткени Жапаров сунуштаган конституцияда өкмөт башчы кызматы сакталган, президентке өтө көп ыйгарым-укук берилген, парламенттин ролу кыскартылган. Бул чоң кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Чыныгы таза президенттик башкарууда президент аткаруу бийлигин түздөн-түз өзү башкарат. Өкмөт башчы кызматы болбойт. Парламенттин ролу болсо жогору болот. Кошмо Штаттарда Конгресстин ролун элестетип көрүңүз. Конгресс мүчөлөрү толугу менен бир мандаттуу округдардан калк тарабынан түздөн-түз шайланат. Ошондой эле АКШда соттордун көз карандысыздыгы абсолюттук мүнөзгө ээ.

Таза парламенттик башкарууда парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын лидери өкмөт башчы болуп, ал аткаруу бийлигин толук колуна алат. Германия, Британия ж.б. чыныгы парламенттик өлкөлөрдө ушундай. Бул өлкөлөрдө премьер-министрлер эки-тизгин бир чылбырды колуна кармайт.

Мындай шартта же бийлик системасында биздин Кыргызстан жашап көргөн жок. Азыркы аралаш системаны парламенттик система деп, парламенттик системаны жаманатты кылуу ошон үчүн орунсуз...», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости