www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия дөңгөлөк жана чүпөрөк жаккандарды камакка алууну сунуштады

Бишкектин мэриясы дөңгөлөк жана чүпөрөк жаккандарды камакка алууну сунуштады. Мындай пикирди шаардык кеңештин жыйыны учурунда вице-мэр Азис Алымкулов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн комиссия шаар ичиндеги смогду жана аны менен күрөшүү көйгөйлөрүн талкуулады.

Алымкуловдун айтымында, мыйзам бузуучулардын жазасын күчөтүү керек.

"Мыйзам бузуучуларды камакка албасак, алардын саны азайбайт. Мурункудай эле дөңгөлөк жана чүпөрөк жага беришет", - деп баса белгиледи.

Комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков вице-мэрдин пикирине кошулду. Бирок, дароо камакка алып эмес, алгач айып-пул салып, финансы жагынан айыпка жыгуу керектигин белгиледи.

Андан кийин Алымкулов мыйзам бузуучулар деп - өндүрүш ишканаларды, мончо, сауна жана башкаларды айтып жатканын кошумчалады.

"Мен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайм. Зарылчылык болсо экология боюнча жаңы мыйзамдарды демилгелөө зарыл. Эркинен ажыратуу же айып-пул салуу сыяктуу жазаларды колдонуу керек. Ал эми катардагы жарандарды ала турган болсок, анда көмүр сатып ала албагандарды кантебиз? Көмүр сатып алууга каражаты жок, бирок башка менен үйүн жылытууга тыюу салынган?", - деди вице-мэр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости