www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Осмон: «Салык жашыргандарга ырайым жок»

- Салык жашырып, кийин айыбы ачылып, мамлекетке 200 миллион сом төгүп бергенди «ууру» дейбизби же, «патриот» дейбизби?

- Мамлекеттен салык жашыргандын баарын сот тергеши керек. Эгер «Марал» радиосунун жазганы чын, финансылык полициянын аныктап чыкканы ырас болсо, анда бул үй-бүлөнү «патриот» деп айтпайбыз, албетте.

Мындай адамдарды саясатка жолотпой, кылмыш ишин козгоп, жоопко тартыш керек. Булар элдин алдында уялып калбай, дале жулунуп атышпайбы...

- Акылбек Жапаровдун 200 миллион сом төккөнү мактоого татыйбы?

- Акылбек Жапаровдун байбичесинин 200 миллион төккөнү мактоого арзыбайт. Салык жашыргандарды айрым өнүккөн өлкөлөрдө чыккынчылык менен айыптайт. Бизде эми башаламан болуп жатпайбы, ар ким өз билгенин жасап.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости