www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 18-декабрда сыналгы аркылуу ободо түз берилген иш-чара маалында COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өттү. Бул иш-чара жалпы америкалыктарды тартынбастан эмдөөдөн өтүүгө чакыруу өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.

Пенстин жубайы Карен жана хирург Жером Адамс да COVID-19 илдетине каршы вакцина менен эмделишти.

«Америка эли ишенимдүү боло алат: биз коопсуз бир вакцинага ээбиз, а балким, бир-эки сааттан кийин, экинчисине да ээ болорбуз», – деди Пенс мырза.

Майк Пенс өткөн аптада жактырылган Pfizer-BioNTech вакцинасынан тышкары Moderna компаниясынын вакцинасы да бир аз убакыт ичинде АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек мекемеси тарабынан биротоло жактырылышы күтүлүп жатканын дал ушундайча эскерип өттү.

Пенстин айтымында, президент Доналд Трамп жетектеген АКШнын өкмөтү ушул айдын акырына чейин 20 миллиондой америкалык эмдөөдөн өтөт ко деп болжоп жатат.

АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 17 миллион кишиден ашып, 311 миңден ашуун бейтап каза тапты. Дүйнө жүзүндө болсо COVID-19 илдетин 75 миллиондой киши жугузуп алды, бул алааматтуу оору 1,66 миллиондой кишинин өмүрүн кыйды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости