www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 баш мээни кантип жабыркатат?

АКШдагы Вашингтон университетинин окумуштуулары COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусу мээдеги кан тосмолорун бузуп өтүп, мээге кирерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды.

Изилдөөнүн авторлору баш мээдеги өзгөрүүлөрдүн себебин COVID-19 илдети менен байланыштырышкан.

Окумуштуулар изилдөөгө чычкандарды колдонуп, коронавирустун S1 протеини аталган жандыктардын мээсиндеги кан тамыр тосмолорун бузуп өтүп, мээге кирерине күбө болушкан. Мунун кесепети баш мээдеги нерв системаларынын жабыркашына алып келиши мүмкүн.

"COVID-19 инфекциясынан улам пайда болгон катуу сезгенүүнү окумуштуулар цитокин шторму деп аташкан. Иммундук система вирусту жана анын протеиндерин көрүп, ашыкча реакцияны жаратып, баш оору, чарчоо сыяктуу көйгөйлөрдү пайда кылат", – деп жазылат маалыматта.

COVID-19 илдетин жуктуруп алган бейтаптар арасында акыл-эси тумандап, чарчап, баш ооруп, талма, кээде инсультка кабылган көрүнүштөр өсүп жатканы дагы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости