www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылы «Яндекс» издөө системасы аркылуу «карантин», «пропуск» жана «конституция» сөздөрүн эң көп издешкен. Бул тууралуу интернет-компаниянын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, интернет-порталдын аналитиктери акыркы он жылдан бери «жылдын сөзүн» аныктап келишет. Алсак, 2012-жылы «мультиварка» деген сөз популярдуу болсо, 2015-жылы «тверк» (бийдин бир түрү) деген сөздү көп издешкен. Ал эми 2020-жылы «карантин» деген сөз көп колдонулган.
«2011-жылы колдонуучулар «Яндекс» интернет-порталынан планшет, купон тууралуу көп сурашкан. Андан кийинки жылы «мультиварка», «мем» жана «ультрабук» сөздөрүн көп теришкен. 2013-жылы «метеорит», «плейкаст» жана «промокод» деген сөздөр популярдуу болгон», — деп айтылат маалыматта.
2014-жылы Украинадагы окуялардан улам «майдан» деген сөзгө кызыккандар арбын чыкса, 2016-жылы колдонуучулар «Яндекс» порталынан «петиция», «вейп» деген эмне экенин сурашкан.
2017-жылы «майнинг», «криптовалюта», 2018-жылы «слайм», «каршеринг», 2019-жылы «рецессия», «люстрация» деген сөздөр популярдуу болгон.
Булак: NazarNews.kg