www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери 2-декабрда борбордо жайгашкан мечиттердин биринде имамдар менен жолугушуу өткөрдү.

Маалым болгондой, жыйынга жалпысынан 71 мечиттин имамдары катышты.

Жолугушууда милиция 10-январга белгиленген өлкө башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун эскертип, коомдук коопсуздуктун алдын алуу жана мыйзам бузууларга жол бербөө зарылчылыгын эскертти. Мындан тышкары имамдарга шайлоо учурунда үгүт иштерине аралашпоого үндөдү. Ошондой эле диний экстеримздин алдын алуу үчүн укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Жыйында Бишкектеги айрым мечиттердин документтери жоктугу эскертилип, аны мыйзамдаштыруу зарылчылыгы белгиленди. Мындан тышкары коронавирус илдети жайылып кетпөөсү үчүн намазга келген жарандардан санитардык эрежелерди сактоосу талап кылынуусу эскертилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости