www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Орто-Сай” базарындагы мыйзамсыз объектилер түрттүрүлдү

Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Маалыматка ылайык, атайын бөлүм “Орто-Сай” соода-базар комплексинин айланасын, Октябрь районунун борбордук көчөлөрүн, Максим Горький көчөсүн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүктү тартипке келтирди.

“Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 24 штандер жана 36 баннер алынды. Ошондой эле, Чыгыш-5 кичи районунда мыйзамсыз орнотулган эки күркө алынып, 36 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Бизге, шаардыктардан Көк-Жар конушундагы унаа токтоочу жайга орнотулган темир тосмонун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөн. Биз аталган жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин шаардыктар тосмолорду өз ыктыярлары менен бузушту”, – деп айтылат маалыматта.

Мэрия жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоо, ошондой эле мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилер жөнүндө кайрылууларды 0777 14 74 93 номерине билдирип коюуну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости