www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кегети капчыгайында болгон кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Алдын ала маалыматка ылайык, унаада жалпы жети адам — эки үй-бүлө балдары менен эс алууга чыккан. Алар капчыгайга жетип, унааны токтоткондон кийин эркектер эс алуучу жерди карап келүү үчүн сыртка чыгышкан.

Ошол учурда эңкейиш жерге токтотулган автоунаа артка жылып кетип, сууга түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки аял жана үч бала өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ал эми унаада калган 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала сууга түшүп кеткен.
Учурда 12 жаштагы кыздын сөөгү табылып, 6 жаштагы бала изделүүдө. Издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Последние новости