www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-июнунда Президенттин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы учурдагы социалдык-экономикалык абал жана 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча БУУ тутумунун кызматташтык программасын ишке ашыруу алкагындагы Стратегиялык координациялык комитеттин жыйынтыктары талкууланды.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары өлкө туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү темпин көрсөтүп жатканын белгилеп, аймактардагы айыл чарба, экология, туризм, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттардагы негизги муктаждыктарга токтолду.
Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосунда орто мөөнөттүү кызматташтык боюнча жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталганын билдирип, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган мындан аркы кызматташууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун соңунда тараптар диалогдун конструктивдүү өткөнүн белгилеп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган практикалык кадамдарды ишке ашырууда биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти.