www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы облусунда полиция кызматкеринин өрттөлгөн сөөгү табылды. Кеген районунда табылган өрттөлгөн эркек кишинин сөөгү Алматы шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерине таандык экени аныкталды.
Сөөктү 23-июнда Кеген ашуусунун жанындагы Көкпек – Көктал – Кеген унаа жолунан болжол менен 400 метр алыстыкта мал издеп жүргөн жергиликтүү койчу таап алган.
Алматы облусунун полиция департаменти бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр кармалды. Алардын арасында маркумдун жубайы жана уулу да бар.
Учурда кармалгандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.