www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 2026-жылдын 26-июнунан тартып М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелеринде жол кыймылы убактылуу чектелет.

Бул чара жол-транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо жана жакшыртуу иштеринин алкагында киргизилүүдө.

Биринчи этапта чектөө Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүккө тиешелүү болот.

Экинчи этапта Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки тилкеде да кыймыл убактылуу токтотулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткаруу максатында киргизилүүдө.

Мэрия шаар тургундары менен айдоочуларды маршруттарын алдын ала пландап, киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.

Жүргүзүлүп жаткан иштер шаардык жол тармагын жаңылоого жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Последние новости