www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди. - Биз эмне үчүн бул ишканалар Соцфондко төлөмдөрдү төкпөй жаткандыгы боюнча анализ жүргүздүк. Алар тиешелүү сумманы төлөшү үчүн чара көрүү керек болчу. Компаниялар эбегейсиз суммадагы карызды чогултуп, андан соң кечип жиберүүгө жол бербеш керек. Мындан бюджетке 500 млн. сомго жакын зыян келүүдө,- деп кайрылды депутат Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге. Ал Соцфонд аталган компаниялар менен соттошуп, соттун мамлекеттин пайдасына кабыл алган чечимдери бар экендигин айтты.

Бирок карыздар жарымжартылай гана төлөнгөн. Соңунда депутаттар бул мыйзам долбооруна добуш беришпей, Соцфонддун жетекчилиги толук маалымат бергенден кийин гана кароону чечишти. Эске сала кетүүчү жагдай, Соцфонд эгер карыз болгон мекемелер негизги сумманы төлөшсө, анда пеня менен айыптарды кечүүнү сунуштоодо. Мындай карызды кечип жиберүүлөр 2008 жана 2015-жылдары жүргүзүлгөн.

Мурдагы “Себат”, азыр “Сапат” деп өзгөртүлгөн билим берүү мекемелеринин Кыргызстанда ондон ашык лицейлери бар, анда миңден ашык окуучулар билим алышат жана ар бири жылына 3 миң АКШ долларынын тегерегинде төлөшөт. Адатта катардагы жарандар менен ишканаларды салык төлөбөгөндүгү үчүн желкелеп калчу Мамлекеттик салык кызматы миллиондогон киреше тапкан компаниялардын карызын кечүү демилгесин көтөрүп жатышынын бир сыры болуп жүрбөсүн...

Булак: “Майдан.Kg”

Последние новости