www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, ошол күнү болжол менен саат 03:05те ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө эркек адамдын өлтүрөлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада жетип келген ыкчамтергөө тобу азия түспөлүндөгү 20-25 жаштагы адамдын бычакталып жаткандыгын көрүшкөн. Бул факт ички иштер органы тарабынан катоого алынып, “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки териштирүү учурунда өлтүрөлгөн 29 жаштагы Тилек Сеитбеков Чүй районундагы айылдык кеңештин биринин депутаты экендиги аныкталды.

Мындан тышкары, ошол эле күнү саат 03:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 30 жаштагы Ш.Т. бычакталып түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелип, 24 жаштагы С.Д. атуу жергиликтүү жаран кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Токмоктун көчөлөрүнүн биринде бир нече жаштардын ортосунда мушташ болуп, анын кесепетинен бири каза болуп, экинчиси бычакталып, ооруканага жеткирилген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

Баардык соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Токмок кылмыш көп катталган жана кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары байырлаган шаар экендиги белгилүү. Андыктан алардын ортосунда ушундай “разборкалар” да болуп турары табигый көрүнүш. Бирок бычакталып өлтүрүлгөн адамдын бири жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги таң каларлык. Депутаттар минтип малдай өлтүрүлүп жатса, карапайым эл кайда барат?

Булак: “Майдан.Kg”

Последние новости