www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады. Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындан ары Ош облсунун бардык райондорунда дагы улантылат. Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат.
- Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин тийгизип жаткандыктан ушундай рейд уюштурулду. Буга жыйырмадан ашык мергенчи катышып, жалпысынан он чөө жайланды,- деди Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев. Айтмакчы, карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акы дагы белгиленген.
Карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн - 6000 сом, а бөлтүрүгү үчүн - 1500 сом, а чөө үчүн - 2000 сом төлөнөт. Эске салчу жагдай: жырткычтарды жок кылуу иш-чарасы Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун негизинде гана жүргүзүлүп жатат.
Булак: “Майдан.Kg”