www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал жерде сага орун жок! Кечээ эле Атамбаевди “тепкилеп” келаткан Равшан Жээнбеков 17-мартта Атамбаевдин тарапташы экенин билдирип, бүгүнкү бийликтин дарегине ачуу сөздөрүн “жаадырды”. Анын мындай хамелеондой кубулмалыгын сынга алгандар көп болууда. Бул боюнча Султанбек аттуу интернет колдонуучу да Azattyk.org сайтына төмөнкүдөй пикирин жазды: - Айланайын Равшан, кудайды карап бетпак болбойсунбу?
Оппозиция деген ыймансыздар менен абийирсиздер, кудайдан жөө качкандар менен ууру-кескилер, бандиттер үчүн эмес, да колу таза, абийири таза, башында мээси, бетинде кызылы барлардын иши! Ал жерде сага орун жок! Бир жыл Госкомимуществодо иштеп, колуңду акырегиңе чейин салып ийгенсиң, эл мүлкүнө тумшугуңду мойнуңа чейин батырып ийгенсиң! «Дело №» гезитиндеги макаланы жумурай журттун баары окуган. АКШ менен Малайзияга чейин особняктарды толтуруп, сени кызматка көтөргөндөрдүн баарын шытырата сатып, анан эми АША калдыбы сен жалап-жуктабаган?! Эл сүйлөсө да сен оозуңу бас, байкебай!
Булак: “Майдан.Kg”