www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кетирген кемчиликтери үчүн финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди өкмөт башчы өкмөттүн кезектеги жыйынында 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселени кароонун жүрүшүндө кабыл алды. Жыйындын жүрүшүндө талкууга коюлган маселе боюнча финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, аталган багытта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча» өкмөттүн токтомунун долбоорун бекитүү чечими кабыл алынды.

Аны менен бирге премьер-министр өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн финансы министри А.Касымалиевге сөгүш, орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды. Талкуу соңунда өкмөт башчы республикалык бюджетин бөлүштүрүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын дыкат аткарууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости