www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактарга болгон жумушчу сапарынын алкагында министр бир катар фермердик чарбаларды кыдырды, ошондой эле жергиликтүү мал чарбачылары, чарба жетекчилери жана айыл чарба секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Мал чарбачылары соңку жылдары малдар арасында ар кандай оорулардын көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирди. Алардын айтымында, мындай учурлар профилактикалык чараларды күчөтүүнү, өз убагында диагностика жүргүзүүнү жана ветеринардык кызматтар тарабынан оперативдүү чара көрүүнү талап кылат.

Эрлист Акунбеков эпизоотиялык коопсуздукту алдын-алуу маселелеринин айыл чарба саясатында приоритеттүү багыттардын бири экенин баса белгиледи. Министрдин тапшырмасы боюнча тиешелүү кызматтар ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, эпизоотиялык абалды мониторингдөөгө, чарбаларда профилактикалык иштерди активдештирүүгө, ошондой эле мал оорулары тууралуу бардык билдирүүлөргө оперативдүү жооп берүүгө милдеттендирилди.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттен биологиялык препараттарды жана лабораториялык диагностикалык комплекттерди сатып алууга каражат бөлүнгөнү да белгилүү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал ээлерин жоопкерчилик менен мамиле кылууга, оорунун белгилерин өз убагында ветеринардык адистерге кабарлоого жана ветеринардык кызматтын сунуштарын так сактоого чакырат. Орточо жана координацияланган аракеттер эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана мал чарбачылыктын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

 

Последние новости