www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окемди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер көтөрүлүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Соңку жылдары эки мамлекеттин башчыларынын ынак мамилеси өнөктөштүктү өрчүтүүгө чоң өбөлгө түзүп, бардык тармактар боюнча алакаларыбыз жигердүү уланууда. Биз жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн парламенттер аралык байланыштарды да тереңдетүүгө кызыкдарбыз”, – деди. 

Ошону менен катар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында Түркия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу кайрадан түзүлгөнүн эске салган Төрага: “Мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы алаканы тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да улантышыбыз керек”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы алакалар тууралуу да сөз кылган Марлен Маматалиев: “Аталган Ассамблеяны негиздөөчүлөрдүн бири катары биз боордош элдердин парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди. 

Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирип, Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен да куттуктады. 

Муну менен катар элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылган Мекин Мустафа Кемаль Окем анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады. 

Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча да ой бөлүшүп, аталган жааттагы айрым долбоорлор тууралуу сөз кылышты.

Последние новости