www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антонио Гутерриш Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жана Израилдин Иранга кол салууларынан улам козголгон жана күчөгөн жаңжал Жакынкы Чыгышты орчундуу бурулуш учурга түртүп жатканын, кесепеттери кеңири аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Бейшемби күнү Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган ага “Ататүрк” эл аралык тынчтык сыйлыгын тапшырган аземде сүйлөгөн сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы согуш аймактагы көптөгөн өлкөлөргө таасирин тийгизип жатканын айтты.

БУУнун Башкы катчысы чыңалуунун күчөшү дүйнөлүк соода жолдорун үзгүлтүккө учуратып, энергия бааларын көтөрүп, жакырларга жана аялуу катмарларга ченемсиз түрдө таасир этүүчү туруксуздукту күчөтүп жатканын эскертти. Гутерриш "Диалог жүргүзүү жана чыңалууну басаңдатуу - бул алдыга жылуунун жалгыз мүмкүн болуучу жолу" деп, бардык тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга, эл аралык укуктун алкагында жайкын тургундарды коргоого жана сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысы геосаясий атаандаштык күчөп, эл аралык укук көп бузулуп жаткандыктан эл аралык система барган сайын күчөп бараткан кысымга кабылып жатканын эскертти. "Биз дүйнөдө тынчтык жөнүндө көп айтабыз, бирок тынчтыкты өтө аз көрөбүз", - деген Гутерриш, аскердик чыгымдардын көбөйүшү, теңсиздиктин кеңейиши жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологиялар зомбулук коркунучун дагы да күчөтүшү мүмкүн экенине байланыштуу этият болуу керектигин кошумчалады.

Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы уланып жаткан кризисти эң кайгылуу мисалдардын бири катары көрсөтүп, кагылышууларда эң көп жапа чеккендер жарандар экенин баса белгиледи.

Последние новости