www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жумушчу сапары менен Ысык-Кɵл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жумушчу сапарынын алкагында министр "Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол" унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун негизинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, 87-140-чакырымдарда аткарылып жаткан иштер жана көпүрөлөрдүн курулушун текшерди.

Министр курулуш сезону башталгандан тартып жол иштерин ылдамдатуу, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, транспорт министри жооптуу кызматкерлерге жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча так тапшырмаларды койду.

Последние новости