www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов АКШнын Юта штатынын Сенатынын президенти Дж. Стюарт Адамс жетектеген АКШнын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын курамына ошондой эле The Stirling Foundation уюмунун өкүлдөрү жана АКШнын Түркиядагы мурдагы элчиси Джефф Флейк кирди.
Жолугушууну ачып жатып, министр америкалык тарапка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын ырааттуу колдоосу жана биргелешкен гуманитардык жана медициналык демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биздин кызматташуунун алкагында бир катар маанилүү демилгелер ишке ашырылууда. Биз өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз жана биргеликте дагы да олуттуу натыйжаларга жетишебиз деп ишенебиз», — деп белгиледи министр.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Project C.U.R.E. уюму менен өнөктөштүктүн алкагында өлкөдөгү үч оорукана үчүн медициналык каражаттар салынган контейнерлерди жеткирүү каржыланды.
Ошондой эле MedGlobal уюму менен өнөктөштүктө кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча 2025-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы жаңы төрөт үйү үчүн рентген жана ультраүндүк жабдууларды, ошондой эле генераторлорду сатып алуу, орнотуу жана кызматкерлерди окутуу каржыланган.
АКШнын Юта штатынын Сенатынын президенти Дж. Стюарт Адамс эки тараптуу кызматташуунун жогорку потенциалын белгилеп, саламаттык сактоо, гуманитардык жардам, билим берүү жана тажрыйба алмашуу тармактарында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
The Stirling Foundation уюмунун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Джози МакГи Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду улантуу жана жакынкы жылдары колдоону кеңейтүү ниетин ырастады.