www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдо коронавируска каршы вакцина алуу зарылчылыгы жок, деп билдирди АКИpress агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

«Эгерде зарылчылык болсо, президентке эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм. Биз президентти текшерип жатабыз, анда коронавируска каршы антителонун көрсөткүчү жакшы. Көрсөткүчү үчтөн төмөндөгөндө дароо эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм», - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдо коронавируска каршы антителосунун көрсөткүчү жогору экенине байланыштуу, эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы жок экенин билдирген.

Жакында эле өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова эмдөөдөн өткөн. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен чогуу коронавируска каршы вакцина алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости