www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмомали Рахмон жыргап кеткен жок, ага тогуз толгоо бир келип турат. Мындай пикирди педагогика илимдеринин доктору Рапия Исаева Facebook баракчасына жазды.
--"Менин энем көп айтып калчу "жети кайып бар, аларга нике кайып жана кошуна да кирет. Куда менен кошуна Кудайдан, экөөнү тең тандай албайсың. Буйрук, кайып деп коюшат. Ошон үчүн куда, кошуна менен сый мамиледе болуш керек, эрегишкенге болбойт. Кудадан балдар ажырашып кетип, кошунадан көчүп кетип кутуласын", деп.
Анан, көчүп кетмек белек, же көчүрүп жиберебизби? Анте албайбыз. Ошон үчүн, Тажикстан менен кошуна тургандан кийин мамилени жакшы жакка буруш керек. Элестетип көргүлө өзүңдүн эле кошунаң менен өмүр бою короого таш ыргытып жашоого мүмкүн эмес. Акыры достук болбосо да, бир тилге, өз ара түшүнүүгө келесиң да. Жөн эле, президентти күнөөлөй берген болбойт. Куру намысты көтөрүп чаап, бетке кармап. Азыркы геосаясатта коңшу мамлекеттер менен ынтымак гана керек. Президент Садыр Жапаров туура кылды, барды, сүйлөштү. Куру намыстык эмес, эл аралык дипломатиялык жолду тандады. Проблемадан качпаш керек, проблеманы чечиш керек! Акыры бир чечимге келишет. Эмомали Рахмон деле жыргап кеткен жок. Ага тогуз толгоо бир келип турган убагы.
Эми Садыр Жапаров баргандан кийин Рахмон тескери с...... Баштаса анда дагы эле өзүнүн баркы дагы түшөт. Ал бизге келсе, анда да "ой аны сыйлап, кутуп жатабыз" деп чыкмакбыз же дагы бир "тараптар" ага каршы митинг уюштура коюшмак. Андан көрө, 30 жылдан берки проблема чечилип калсын дебейсиңерби? Президенттин аракет кылып жатканын колдобойсуңарбы? Намысты башка жерден көтөрүп чыккылачы, бай болгурлар!", - дейт Исаева.
Булак: NazarNews.kg