www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов прокуратурага жаш кызматкерлерди жумушка алып жатканда калп детектору менен текшерүүнү сунуштады.

Учурда парламентте «Башкы прокуратура жөнүндө» мыйзам долбоору жана сунушталган жаңы кодекстер каралууда.

«Өзүмдүн атам прокурор болуп иштеген, бүт көйгөйлөрдү жакшы билем. Жаш кызматкерлерди тандоодо жаңы ыкмаларды колдонсок. Азыр дүйнөлүк алдыңкы компаниялар абдан керектүү кызматкерлерин калп детектору менен кызматка алат. Бул натыйжасын берип жатат. Биз ушул ыкманы прокуратурадан баштабайлыбы... Прокуратурага кызматка алуу процедурасына ушундай пунктту киргизип койсок кандай дейсиздер», — деди депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев калп детектору системасын колдонууга макул экенин жана караштырып көрүүнү убадалады.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Макешов КСДПнын тизмеси менен мандат алып, бүгүндөн тарта Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости