www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Горбачевду Форосто байлап туруп, акыры СССРди таламайга алганда Назарбаев Орусияга ядролук куралдарын берип, Байкоңур космодромун арендага берген. Азыр Афганистанда абал курчуп турганда Казакстандын тунгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада кездешүүдө. Назарбаев, балким азыркы президент Токаев ядролук куралдарын Орусияга берип койгонуна өкүнбөйбү? Анткени, Казакстанга салыштырмалуу тырнактай Түндүк Корея АКШны ядролук куралдар менен «ыштап» бөжүрөп сүйлөшүүгө аргасыз кылды.
Москвада Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин кездешүүсү өтөт. Сүйлөшүү учурунда ЕАЭБдин андан ары өнүктүрүү боюнча болочок пландар жана учурда актуалдуу болуп жаткан аймактар аралык маселелер талкууланат. Албетте, бул жерде Борбор Азия аймагынын коопсуздугу тууралуу сөздөр болот. Айрыкча, талибандар бийлик талашып, азыркы өкмөт менен куралдуу согуш аракеттерин күчөткөнү эки өлкөнү беймаза кылып жаткандыр.
Кремлдин басма сөз кызматы элбашы менен президенттин кездешүүсүндө Орусия менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашташтыкты андан ары өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процессти илгерилетүү, ошондой эле бир катар эл аралык маселелер талкууланарын жергиликтүү маалымат булактарына кабарлаган.
Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү айыгышкан салгылаштан соң өлкө түндүгүндөгү Фарьяб провинциясындагы эки районду талибдерден кайтарып алды. Анда өкмөттүк аскерлер учурда Газни жана Парван провинцияларындагы башка райондорду бошотуу боюнча операция жүргүзүп жатканы айтылат. Мындан сырткары Кундуз жана Тахар дубандарында да алдыга жылганы кабарланды.
Мындай маалыматтар соңку күндөрү "Талибан" өлкө түндүгүндөгү улам бир районду басып алганы жөнүндө жаңылыктар чыгып жаткан учурга туш келди. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча чабарманы "Талибан" май айынан бери өлкөдөгү 370 райондун 50дөн ашуунун өз көзөмөлүнө алганын кабарлаган эле. Ушундан улам эл аралык күчтөр чыгып кеткен соң Кабулдагы борбордук бийлик кырдаалды колдон чыгарабы деген чочулоо жараткан.
АКШ Афганистандан армиясын алып чыгып кеткенден кийин өлкөдө абал кандай багытта өнүгөрү тууралуу эки ача пикир бар. Биринчиси божомол боюнча, 1989-жылы болгон окуя кайталанышы мүмкүн. Куралдуу күчтөр чыгып кеткенде Афганистандагы уруулар ич ара бийлик талашып атып, жарандык согуш тутанып, өздөрү менен өздөрү болуп, башка мамлекеттерге коркунуч келтирбейт.
Экинчиси, божомол боюнча, «Талибан» кыска мөөнөттө, 3-6 ай ичинде Афганистандагы бийликтин 70%ын өзүнө алат. Афганистанда колуна автомат кармагандан башканы билбеген 2 муун өсүп чыкканын баарыбыз билебиз. Алар же айыл чарба менен алектенип, же бирдеме куруп, тынч жашоону билбейт. Алардын саны 200 миңдей. «Талибан» бийликти колуна алгандан кийин аларды багыш үчүн сөзсүз түрдө Борбордук Азияга кол салат деген пикир да бар. Коркунуч биринчи кезекте чек аралаш мамлекеттерге жаралат. Булар: Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан. Эгер Тажикстанда согуш болсо, анда ал Кыргызстанга да келиши мүмкүн.
Президент Түркмөнстанга, Тажикстанга катары менен расмий иш сапары менен барды. Айрыкча, Тажикстанга болгон иш сапары коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Президентти Тажикстанга иш сапар менен барууга Афганистандан Орто-Азияга келе турган коркунучту алдын алууга маселеси аргасыз кылды. Анткени, Афганистандан Американын аскердик базасы чыгып кетээри менен Ислам динин жамынган кыймылдар жанданып, абал курчушу мүмкүн.
Ал тургай исламдык кыймылдар Тоолуу -Бадахшан аркылуубу же Тажикстандын башка жери аркылуу Баткен окуясындай Фергана өрөөнүнө өтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондой эле Тажикстанда граждандык согушту да тутантып жибериши мүмкүн. Садыр Жапаровдун иш сапары мына ушул маселелерди алдын алууга багытталды десек болот. Кошуналар менен ынтымактуу болуп, бир билек, бир күчкө айланышыбыз керек. Антпесек, алар менен күрөшүү жалгыз мамлекеттин колунан келбейт. ЖККУ, ШКУнун кеңеши менен мамилени түздөп, катачылыктарга жол бербейли деген таризде Садыр Жапаров Тажикстанга, Түркмөнстанга барды. Ошон үчүн аны расмий сапарын бир жактуу кароодон алыс болушубуз керек. Анткени, Афганистандан келе турган коркунучту алдын алуу үчүн баары биригүүгө аргасыз. ЖККУ, ШКУнун бары биригип, чек араларды катуу көзөмөлдөшү керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg