www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ливан Республикасынын Тышкы иштер жана эмигранттар боюнча министри Юсеф Раджинин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, саясий диалогду тереңдетүү жана экономикалык, соода жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык структураларда, биринчи кезекте БУУ жана Ислам кызматташтык уюму алкагында өз ара аракеттешүүнү талкуулашты.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Ливан Республикасынын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн активдүү диалогду улантууга ниеттенишкенин ырасташты.
