www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Лондон менен Париждин Киевдин өзөктүк куралга ээ болуусуна жардам берген аракетинин баары Кремль тарабынан түз коркунуч катары кабыл алынарын, натыйжада катуу жооп болорун билдирди. 

- Батыштын чагымчылыгы менен башталган украин жаңжалын шыкактаган европа жетекчилеринин Россияга каршы аракети күчөп жаткан маалда өзөктүк державалардын аскердик кагылышуусунун тобелдиктери жана анын оор кесепети тууралуу кайрадан эскертебиз. Өзөктүк куралдуу болушуна көрсөтүлгөн жардам өлкөбүздүн коопсуздугуна чоң коркунуч катары бааланып, түртмөлөгөндөр кескин жоопко туш болот, - деди Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Эскерте кетсек, 24-февралда Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу Улуу Британия менен Франция бийлиги Украинага радиологиялык курал, ошол эле учурда толук кандуу өзөктүк курал берүү да каралып жатканын,  ал үчүн жабдуу жана технологияларды жашыруун берүү маселесин иштеп чыгып жатканын айткан. План боюнча натыйжада мындай куралды украиналдыктар өздөрү жасап чыгаргандай болуп көрүнүшү керек.

Булак: NazarNews

Последние новости