www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Элдик курултайдын катчылыгы" мекемесин түзүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим Элдик курултайдын ишин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Финансы министрлигине зарыл болгон акча каражатын табуу жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилди.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке президенттин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости