www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагында суу коопсуздугун камсыз кылууда жана өмүргө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда көрсөткөн эрдиги үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жети куткаруучусуна ыраазычылык билдирди. Алар:
- Улан Батырбаев - Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суу транспорт бөлүмүнүн башчысы;
- Камбар Жанболотов - Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчөө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн капитаны;
- Аскарбек Казыбеков - Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант;
- Назар Карыбаев - Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицери, лейтенант;
- Искендер Рысалинов - Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин улук нускоочу-суучулу, прапорщик;
- Куштарбек Ташбулатов - Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2 өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, капитан;
- Азамат Токтоналиев - Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин улук нускоочу-суучул, прапорщик.