www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тунгуч президенттин учурунда вице-премьер болуп иштеген Мира Жангарачева “Майдан.кж” гезитине маек берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин толгон-токок кемчилдиктерин айтты.

Бийлик алмашкан сайын жаңы үмүттөр пайда болот. Алмаз Атамбаев бийликке келгеңде да "бул мурда оппозицияда жүрүп, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Абалды оңдогонго аракет кылат"- дедик эле. "Тилекке каршы, ал мурдагылардан да өтүп кетти. Тарыхта сейрек кездешкен (банан өлкөлөрүнүн диктаторлору, мурдагы кылымдардагы айрым хандардай) жалкоо мамлекет башчысы болгондугу аз келгенсип (жумасына бир-эки жолудан гана иш ордуна келген, бир жылда 5-6 жолудан эмгектик өргүүгө чыккан), ал коррупцияны, кландык башкарууну мурдагыдан да өнүктүрүп, өстүрдү.

Байыркы Римдин самодур цезары Калигула сенаттагыларды мазактап, шылдыңдоо үчүн жакшы көргөн атын сенатор кылып дайындаса, А.Атамбаев касапчы, айдоочу, сүйүктүү машинистка, жан сакчыларын, аяш балдарын, кайнилерин, алардын жакындарын мамлекеттик эң жогорку кызматтарга койду. Алар бир адамды башкарбай туруп түз эле вицеликке, министрликке секиришти. Анан муну мамлекеттик кызматты мазактап, шылдыңдоо дебегенде, эмне дейбиз? Мыйзамдуулук дегенди уруп да койбоду.

Саясый атаандаштарын каматуудан тартып, чет элдерден карыздарды тартуунун баарын өзү билгендей гана чечти. Анан элди дагы шылдыңдайын дедиби же чын эле өзү жөнүндө ошондой ойлойбу, тообо, "мындан ары мендей күчтүү президент чыкпайбы деп корком" деп док урунуп да жүрдү. Эгерде ал өзүн күчтүү президент деп эсептесе, күчтүү эмеси кандай болушу керектигин ойлосоң, төбө чачың тик турат",- дейт ал.

М.Жангарачеванын айтымында, анын эгоисттик дымагы жер шарынан да чоң. Ал өзүн гана ойлойт, калгандардын баары ага кызмат кылып, анын чырнактаганын да аткарууга милдеттүү деп эсептейт. Анын кылымдын аферасы деп аталган бир катар коррупциялык жаңжалдарга аралашкандыгы аныкталууда. Көптөгөн Кыргызстандыктарды өлтүргөн А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, жеке учак менен чыгарылып кетүүсү бир жагы, атүгүл жакында көтөрүлгөн "урангейт" да ага барып такалууда. Мындан ары да анын толгон токой "косяктары" чыгышы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда, экс-президенттин аты аталганда эле Кылмыш-жаза Кодексинин көптөгөн беренелери нөшөрлөп ыйлай турган болуп калды. Ал беренелерди жакында кабыл алынган президенттерди кепилдиктери жөнүндөгү мыйзам "сооротушу" керек.

Ал кызматынан кеткенде "кудай буйруса, бул Телибайдан кутулдук, эми ал гитарасын чертип тынч жатаар" деп, баарыбыз жеңилдене түштүк эле, бирок ал шектүү жолдор менен табылган акчаларына толгон-токой ЖМКларды уюштуруп, айланасына бир ууч кутумдарды топтоп, мамлекеттик резиденцияда жатып алып, азыркы бийликтегилерди боктоп шыбап, опузалоодо. Кээде шантаж жасоого да аракеттенүүдө. Анын ою боюнча, азыркы бийликтегилер 2040-жылга чейин анын каалоосунан, айтканынан чыкпай, ал айткандай гана иш жүргүзүшү керек экен. Мира Жангарачева эжекебиз, азыркы президенттин андан тез эле алыстап, азыр ага каршы позицияга өткөндүгү жакшы болду дейт. Чын эле Кыргызстандын тарыхында мурда болбогон коррупциялык иштердин башында турган адам менен бир топто жүрмөк түгүл, ыйык Рамазан айында аны менен учурашуу да Кудай алдындагы чоң күнөө болуп эсептелет.

Последние новости